Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри алмашты
RU

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри алмашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, Гүлнара Баатырова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Ал эми президенттин дагы бир жарлыгы менен эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп Жылдыз Полотова дайындалды.

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Жылдыз Полотованын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16330