Курманкул Зулушев башкы прокурор кызматынан бошотулду
RU

Курманкул Зулушев башкы прокурор кызматынан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Курманкул Зулушев расмий түрдө кызматтан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду дешет президенттин администрациясынан.

Ал эми президенттин дагы бир жарлыгы менен Максат Асаналиев Кыргыз Республикасынын башкы прокурору болуп дайындалды.

Белгилесек, Курманкул Зулушев 3-июнда отставкага кеткен. Анын кызматтан кетүү себеби белгисиз.

Бош калган башкы прокурордун ордуна президент Садыр Жапаров Максат Асаналиевдин талапкерлигин көрсөткөн.

5-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары башкы прокурорлукка Максат Асаналиевдин талапкерлигин жактырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16312