Беш облустун айрым айылдарынын аталышын өзгөртүү сунушталды
RU

Беш облустун айрым айылдарынын аталышын өзгөртүү сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мыйзам долбоорду өкмөт демилгелеген. Мындай чечим улуттук идеологияны чыңдоого, өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү аталыштарын кайтарууга багытталган. Демилге жергиликтүү бийликтер менен макулдашылган.

Аталышы өзгөрө турган айылдар:

Жалал-Абад облусу боюнча

  • Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылы - Малкалды;
  • Ноокен районунун Ноокен айыл аймагынын Параканда айылы - Баракелде;

Нарын облусу:

  • Кочкор районунун Кочкор айыл аймагынын Большевик айылы - Баялы Исакеев;

Талас облусу:

  • Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл аймагынын Ынтымак айылы - Шадыкан;
  • Манас районунун Май айыл аймагынын Новодонецк айылы - Айтматов;
  • Талас районунун Бердике баатыр айыл аймагынын Козучак айылы - Жанкороз-Олуя;
  • Талас районунун Калба айыл аймагынын Балбал айылы - Жаныбек баатыр;

Чүй облусу:

  • Москва районунун Ак-Суу айыл аймагынын Чоң-Арык айылы - Сыйдалы;

Ысык-Көл облусу:

  • Ак-Суу районунун Теплоключенка айыл аймагынын Теплоключенка айылы - Ак-Суу.

Мындан тышкары агенттик эл жашабаган, айыл категориясына ылайык келбеген бир катар калктуу пункттарды жоюу боюнча мыйзам долбоор иштеп чыккан. Ага ылайык, Жалал-Абад облусунда - 10, Нарын облусунда - 2 жана Ош облусунда - 4 айыл жоюлмакчы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16333