Баткенде айылдардын аталыштары өзгөртүлдү
RU

Баткенде айылдардын аталыштары өзгөртүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө" мыйзамы бүгүн, 1-январда күчүнө кирди. Ага ылайык, Баткен облусунун 3 айыл аймагы жана 10 айылынын аталышы өзгөртүлдү.

Аталыштары өзгөртүлгөн аймактар:

  • Кадамжай районунун Марказ айыл аймагы - Айрыбаз айыл аймагы;
  • Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Марказ айылы - Айрыбаз айыл аймагынын Айрыбаз айылы;
  • Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Валакиш айылы - Үч-Коргон айыл аймагынын Тегирмеч айылы;
  • Кадамжай районунун Халмион айыл аймагы - Исхак-Полотхан айыл аймагы;
  • Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылы - Исхак-Полотхан айыл аймагынын Ак-Өргө айылы;
  • Лейлек районунун Маргун айыл аймагы - Кең-Талаа айыл аймагы;
  • Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Даргаз айылы - Кең-Талаа айыл аймагынын Кереге-Таш айылы
  • Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Дархум айылы - Кең-Талаа айыл аймагынын Жети-Таш айылы;
  • Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Маргун айылы - Кең-Талаа айыл аймагынын Мурас айылы;
  • Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Чурбек айылы - Кең-Талаа айыл аймагынын Үч-Булак айылы;
  • Лейлек районунун Раззаков шаарынын Мурза-Патча айылы - Раззаков шаарынын Ак-Босого айылы;
  • Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын Коммуна айылы - Сумбула айыл аймагынын Сары-Дөбө айылы болуп кайра аталды.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам улуттук идеологияны бекемдөөгө жана жарандарды патриоттук духта жана улуттук, тарыхый салттар менен баалуулуктардын негизинде рухий-адептик тарбиялоону андан ары жакшыртууга багытталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9783