"Тазалыктын" жумушчусун сүзүп кеткен айдоочу милиция кызматкери экени такталды
RU

"Тазалыктын" жумушчусун сүзүп кеткен айдоочу милиция кызматкери экени такталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте "Тазалык" ишканасынын кызматкерин сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу милиция кызматкери экени такталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришти.

Белгилесек, 8-июнда саат 04:30 чамасында Москва жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен "Тазалык" ишканасынын кызматкерин унаа сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Жумушчу оор жаракат алып ооруканага түшкөн.

Окуядан кийин тергөөгө чейинки текшерүү башталып, "Перехват" планы жарыяланган эле.

Кийинчерээк айдоочунун аты-жөнү такталган. Ал эмгек өргүүдө жүргөн милиция кызматкери, 1992-жылы туулган М.Э. экени белгилүү болду. Унаасы айып короого киргизилди.

Какtus.media сайтына өздүк булактар кылмышка шектүү Бишкектин Ленин РИИБинин тергөөчүсү экенин, ал кармалбаганын билдиришти.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: "Тазалык" ишканасы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16339