Бишкектеги 11 мектеп өзгөчө макамын жоготту (тизме)
RU

Бишкектеги 11 мектеп өзгөчө макамын жоготту (тизме)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте буга чейин өзгөчө статусу бар 11 мектептин лицензиясынын мөөнөтү бүттү. Бул туурасында мэриянын билим берүү башкармалыгынан Kaktus.media сайтына билдиришет.

Мектептердин тизмеси:

  • №28 мектеп-лицейи;
  • №29 мектеп-гимназиясынын окуу комплекси;
  • №20 мектеп-гимназиясынын окуу комплекси;
  • №26 француз тилин тереңдетип окутуучу гимназия-комплекси;
  • №63 мектеп-гимназиясы;
  • №64 мектеп-гимназиясы;
  • №91 мектеп-гимназиясы;
  • №51 мектеп-гимназиясы;
  • №68 мектеп-гимназиясы;
  • №72 мектеп-гимназиясы;
  • №74 мектеп-лицейи.

Жогорудагы мектептердин лицензиясынын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу мугалимдери 15% кошумча төлөмдөн ажырайт. Буга байланыштуу Билим берүү министрлиги мэрияга тиешелүү катты жолдоду.

Эске салсак, 2017-жылдан тарта бардык мектептер аккредитациядан өтүшү керек, анын жыйынтыгы менен мектептердин статусу аныкталат. Өзгөчө статус берилген мектептерге (гимназия, лицей, окуу комплекси ж.б.) кошумча каражат бөлүнөт. Лицензия беш жылдык мөөнөткө берилет.

Учурда Билим берүү министрлиги жаңы жобону иштеп чыкты, анда лицей жана гимназия сыяктуу түшүнүктөр жокко чыгарылат. Бирок мектеп-паснион, онлайн мектеп жана башкалар киргизилген. Ошол эле учурда иштеп жаткан лицей жана гимназиялар лицензиянын мөөнөтү бүткүчө статусун сактап калат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16408