Чолпон-Атада жергиликтүү тургунга ок атканга шектелип шаардык кеңештин депутаты кармалды
RU

Чолпон-Атада жергиликтүү тургунга ок атканга шектелип шаардык кеңештин депутаты кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты 2 жыл мурдагы окуяга шектелип кармалды. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, аткаминер бейбаштыкка шектелүүдө.

Белгилүү болгондой, ушул жылдын июнь айында Чолпон-Ата шаарынын тургуну Ы.Б. ИИМге арыз менен кайрылган. Ал 2022-жылдын октябрь айында шаардык кеңештин депутаты А.У. себеби жок травматикалык тапанча менен эки жолу атып, денесине залал келтиргенин билдирип, чара көрүүнү өтүнгөн.

Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, жабырлануучунун далысында жана сол билегинде эки так бар экени аныкталган.

Жабырлануучу укук коргоо органдарына кеч кайрылуусунун себебин жергиликтүү депутат К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышта болгондугу менен түшүндүргөн.

Аталган окуя боюнча 280-берене (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери 1979-жылы туулган А.У. аттуу жаранды кармашты.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16413