Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, жашоочулары куткарылды
RU

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, жашоочулары куткарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 12-кабатынан өрт чыкты. Кырсыктан 10 адам куткарылды дешет ӨКМдан.

Көп кабаттуу үйдөгү өрт бүгүн, 24-июнда катталды. Өрттү өчүрүүгө саат 12:04тө 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб тартылып, саат 14:05те өрт толук өчүрүлдү.

Өрт чыккан үйдөн 10 адам куткарылып, 50 адам эвакуацияланды. Азырынча өрттүн себеби тактала элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16443