Баткендеги сел: 5 жашар бала каза болуп, дагы бир адам жабыркады
RU

Баткендеги сел: 5 жашар бала каза болуп, дагы бир адам жабыркады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

24-июнда Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунда каттуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Президенттин аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, кырсыктан 5 жаштагы бала каза болду.

Алдын ала маалыматка ылайык, жалпы облус боюнча 47 турак үйгө, 113 турак үйдүн огороддоруна, 5 социалдык объектке, 1 кичи футбол аянтчасына сел суулары кирип, 17 ички чарбалык жолдорго, 2,7 чакырым коргоо тосмого, 1 көпүрө, 12 чарбалык курулуш, 2 суу кампага, 1 трансформаторго зыянын тийгизген.

"Кадамжай районунун Жеңиш айылында 1000ге жакын, Баткен районунда 27 жергиликтүү тургундар коопсуз аймакка көчүрүлдү.

Тилекке каршы, Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн Жеңиш айылынын тургуну 5 жаштагы Илхамов Саидазимдин жансыз денеси саат 23:45 чамасында табылып, медицина кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Аны менен катар аталган айылдын 1954-жылы туулган тургуну ден соолугунан жабыркап, ооруканага жаткырылды, абалы орто", - дешти өкүлчүлүктөн.

Ошондой эле сел 8 бодо жана 42 майда малды агызып кеткен.

Түнү менен райондук Жарандык коргонуу кызматтары сел келген аймактарда калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүздү. Ыкчам иш-аракеттер уланууда. Учурда облус аймагында жол каттамдары ачык.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев селдин кесепеттерин жоюу боюнча район акимдери, шаар мэрлери жана облустук Жарандык коргонуу кызматтары менен ыкчам штаб өткөрдү.

Облус башчысы табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча жер-жерлерде жумуш алып баруу, бардык техникаларды тартуу, үзгүлтүккө учураган суу, электр энергиясын калыбына келтирүү, күнүмдүк турмуш тиричиликке керектүү болгон бардык шарттарды түзүү, элдерге психологиялык жардамдарды уюштуруу, зарылчылык болсо эвакуация болгон элди убактылуу жайгаштыруу маселесин чечүүнү тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16446