Баткенде сел жүргөн аймактарга өзгөчө кырдаал режими киргизилди
RU

Баткенде сел жүргөн аймактарга өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунда селдин кесепеттерин жоюу үчүн 1 райондо жана 2 айыл аймакта "өзгөчө кырдаал" режими киргизилди. Райондук администрациядан тактагандай, Кадамжай районунда, Лейлек районунун Катраң айыл аймагында жана Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү үчүн өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Белгилей кетсек, 24-июнда катуу жааган жамгырдан улам Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунда сел жүргөн. Табигый кырсыктан Кадамжай районунун Жеңиш айылында 5 жашар бала каза болуп, 1 миңге жакын тургун эвакуацияланды.

Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев бүгүн, 25-июнда аталган райондогу сел болгон Исхак Полотхан айыл аймагына барды.

Облус башчысы селден жабыркаган айылдагы ар бир үйгө кирип, тургундар менен жолукту.

Жеринде райондун жарандык коргонуу кызматы менен жыйын өтүп, тапшырмаларды берди. Ыйгарым укуктуу өкүл сел кесепеттерин жоюуда күйүүчү май, күч каражат, техника маселе болбой турганын айтып,ар тараптуу колдоолор уюштурулганын белгиледи.

Аймакта жарандык коргонуу кызматтары селден тазалоо иш-чараларын жүргүзүшүүдө. Селдин кесепеттерин жоюуга жалпы 692 адам, 8 техника тартылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16448