Ноокатта Баткенди көздөй барчу көпүрө урап калды
RU

Ноокатта Баткенди көздөй барчу көпүрө урап калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

30-июнда саат 20:30дар чамасында Ош-Раззаков жолунун 63-чакырымында Найман көпүрөсү кулап, жол кыймылы токтоп калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя өлкөнүн ар кайсы аймактарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон.

Учурда калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө сапарды пландаштырууда бул маалыматты эске алууну эскертет.

Эске сала кетсек, 28-29-июнь күндөрү Ноокат районунда сел жүрүп, инфраструктура бузулуп, адам өмүрү кыйылгандыктан өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Маалым болгондой, Абшыр-Ата эс алуу аймагында 1300дөн ашуун адам бир суткадан кийин эвакуацияланган. Учурда тогуз адам каза болгону кабарланууда, алардын көбү балдар жана өспүрүмдөр. Каза болгондордун арасында Казакстандын төрт жараны бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16499