Министрлик Ош-Баткен-Раззаков жолундагы каттам кайра токтогонун маалымдады
RU

Министрлик Ош-Баткен-Раззаков жолундагы каттам кайра токтогонун маалымдады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолу ачылды. Бул туурасында бүгүн, 1-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Белгилесек, 30-июнда сел жүрүп, суунун деңгээли кескин көтөрүлүшүнөн улам Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 63-чакырымындагы көпүрө жараксыз абалга келген.

Аталган трассада унаа кыймылы убактылуу жабылган. Буга байланыштуу айдоочулар үчүн айланма жол аркылуу эки тараптуу каттам уюштурулган.

Ал эми Транспорт жана коммуникациялар министрлиги аталган жол ачыла электигин билдирет.

Кийинчерээк, ӨКМдан аталган тилкеде каттам кайра үзүлгөнүн эскертти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16503