Көк бөрү федерациясынын жетекчиси Курманкул Зулушев кызматын өткөрүп берди
RU

Көк бөрү федерациясынын жетекчиси Курманкул Зулушев кызматын өткөрүп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Көк бөрү федерациясынын жетекчиси Курманкул Зулушев кызматын өткөрүп берүү чечимин кабыл алды. Анын ордуна Айбек Абылкасымовдун талапкерлиги сунушталганын аталган федерациядан маалымдашты.

Көк бөрү федерациясынан билдиришкендей, 2-июлда кезексиз жыйын өттү. Анда сентябрь айында Астана шаарында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу казак тарап менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат берилди.

"Федерациянын эксперти Рамис Кудайбергенов казак кесиптештер менен көк бөрү оюнунун форматы, калыстар, аттар, ветеринардык талаптар, чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жемиштүү болгонун, маселе боюнча кыргыз-казак тараптар орток пикирди таба алышканын айтты.

Бирок даярдык иштери кечеңдеп жатканы боюнча федерациянын президенти Курманкул Зулушев менен сүйлөшкөнүн, анын жыйынтыгында ишти тез арада ордунан жылдырууга кошумча адистер керектигине токтолгонун билдирди. Бул сунушту Курманкул Зулушев туура көрүп, федерациянын жетекчилигине жаш, энергиялуу жетекчи керектигине ынанып, кызматын өткөрүп берүү чечимин кабыл алган. Курманкул Зулушев федерациянын жетекчилигине Айбек Абылкасымовдун талапкерлигин колдоого аларын билдирген", - дешет федерациядан.

Жыйындын катышуучулары Айбек Абылкасымовдун талапкерлигин кароого алып, бир добуштан колдошту. Эми анын талапкерлиги 17-июлда Көк бөрү федерациясынын конференциясында башкармалыктын атынан сунушталат.

Ал эми конферецияга чейин Көк бөрү федерациясынын президентинин милдетин биринчи вице-президент Нурлан Максутов аткарат.

Белгилесек, Курманкул Зулушев өлкөнүн башкы прокурору болуп турган кезде, тагыраагы ушул жылдын апрель айында Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланган. Ал 2024-жылдын 3-июнда өлкөнүн башкы прокурору кызматынан кеткен. Анын кызматтан кетүү себеби белгисиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16523