Көк бөрү федерациясынын президенти болуп башпрокурор Курманкул Зулушев шайланды
RU

Көк бөрү федерациясынын президенти болуп башпрокурор Курманкул Зулушев шайланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19-апрелде Көк бөрү федерациясынын кезексиз жыйыны өтүп, Рамис Жунусалиев өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул туурасында аталган федерациядан ырасташты.

Федерациянын президенттигине башкы прокурор, Эл аралык Көк бөрү ассоциациясынын президенти Курманкул Зулушевдин талапкерлиги көрсөтүлүп, жыйынтыгында башпрокурор Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланды. Ал эми Рамис Жунусалиев вице-президент болду.

Ошондой эле жыйында аламан улак, жер улак Көк бөрү федерациясынын алдына лига болуп кирип, жетекчилери шайланды.

Белгилесек, Рамис Жунусалиев Чүй облусунун "Сары-Өзөн" командасынын капитаны, кийин федерациянын президентинин орун басары, ал эми 2023-жылы октябрь айында Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15982