Быйыл ЖОЖдорго тапшыруунун босого баллы белгилүү болду
RU

Быйыл ЖОЖдорго тапшыруунун босого баллы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү министрлиги быйыл Жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллын бекиткен буйрукка кол койду.

Бул жылы да өткөн жылдардагыдай эле ЖОЖдорго тапшыруунун босого баллы 110 (милдеттүү тест) жана 60 (предметтик тест) деп белгиленди. Бирок кээ бир аймактарда өзгөчөлүктөр бар. Буга ылайык, кабыл алуу үчүн босого балл төмөндөгүдөй:

  • "педагогикалык иш" жана "укук коргоо органдары" адистиги боюнча - 120 балл (бюджеттик бөлүм) жана 115 балл (контракттык бөлүм);
  • медициналык адистиктер боюнча - 120 балл (бюджеттик бөлүм), 110 балл (контракттык бөлүм);
  • "Айыл чарба илимдери" багыты боюнча адистиктер боюнча - бюджеттик жана контракттык бөлүмдөр үчүн 100 балл;
  • А.Алиева атындагы Ички иштер министрлигинин Академиясынын сырттан окуу бөлүмүнө – 100 балл;
  • Генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы аскердик институтта – 100 балл;
  • медицина жана фармацевтикадан башка бардык адистиктер боюнча I жана II группадагы инвалиддер - 105 балл (бюджеттик бөлүм) жана 100 (контракттык бөлүм).

Белгилей кетсек, ЖРТнын босого баллдан төмөн эмес жыйынтыгын алган абитуриенттер ЖОЖго тапшыруу үчүн сынакка киргизилет.

Кээ бир адистиктерге жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы жок эле тапшыра аласыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16548