Ката басылган аттестаттар боюнча көз карандысыз комиссия түзүлдү
RU

Ката басылган аттестаттар боюнча көз карандысыз комиссия түзүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аттестаттары ката менен басылган бүтүрүүчүлөргө документтер кайра басылып чыкты. Бул туурасында Билим берүү министрлиги кабарлады.

Ведомствонун маалыматы боюнча, аттестат/күбөлүктөрдү басып чыгарууда техникалык ката кеткен. Бүгүнкү күндө чет өлкөгө окууга кетип жаткан бүтүрүүчүлөргө кайра басылган документтер берилди.

"Быйыл биринчи жолу кагаз түрүндөгү документтер менен катар мектептеги билим берүү жөнүндө документтердин электрондук варианттары бирге даярдалган. Мындан улам техникалык мүчүлүштүк болуп, басып чыгарууда көйгөйлөр жаралган. Документтерди даярдоодогу көйгөйлөрдү иликтеген көз карандысыз комиссия түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет", - дешет министрликтен.

Белгилесек, 28-июнда бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшырылган, бирок алардын айрымдарында каталар бар экени маалым болгон (бардык предметтер тизмеленбей, баалар коюлган эмес). Айрым маалыматтар боюнча, республика боюнча 2 миңге жакын күбөлүктү алмаштырууга туура келет.

"Учкун" басмаканасы көйгөй Билим берүү министрлигинин электрондук системасында болуп, бүтүрүүчүлөрдүн маалыматтары ошол жерден жүктөлүп алынганын билдирди. Ал эми Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Санариптик билим берүү борбору катачылык басмакана менен мектептерден кеткенин билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16555