Москвада кароосуз калган 4 наристе Кыргызстанга жеткирилди
1748
Москва шаарынан ата-энесинин камкордугусуз калган төрт бала мекенге кайтарылды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен белгилешкендей, өлкөгө 2 айдан 10 айга чейинки балдар жеткирилди.
slide 3 of 2
"Министрлик балдарды биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү жана баланын абалын, анын ичинде социалдык, медициналык, психологиялык жана укуктук колдоо маселелерин комплекстүү баалоо боюнча иштерди жүргүзөт", - деп айтылат маалыматта.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/16583