ИИМ Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсүн кармаганын маалымдады
RU

ИИМ Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсүн кармаганын маалымдады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип, маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган К.Я. кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Бишкектин Биринчи Май районунун аймагында баңги затын мыйзамсыз сатуу менен алектенген жаран белгилүү болгон. Тергөө иштерин жүргүзүп, кылмышка шектүү катары Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам реестринде катталган, мурда бир нече жолу соттолгон 1984-жылы туулган К.Я. кармалган. Ыкчам маалымат боюнча, кылмышка шектүү эркинен ажыратылган жайларда "уу байкоочу" деген криминалдык статуска ээ болгон жана баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген.

Милиция беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Ал эми гашиш табылган шектүүнүн өзүн кармашкан.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16597