Лазат Нуркожоеванын жигити СИЗОго киргизилди
RU

Лазат Нуркожоеванын жигити СИЗОго киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун карындашы Лазат Нуркожоеванын жигити Афтандил Сабырбеков СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу редакцияга Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Райондук соттун 6-июлдагы чечими менен ИИМдин тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган. Ага ылайык, Сабырбековго карата тергөөнүн жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 3-августуна чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Сотко берилген материалдарга ылайык, кармалган жаран Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" боюнча айыпталууда.

Мындай кылмыштар үчүн мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

Эске салсак, Афтандил Сабырбеков 5-июль күнү милиция кызматкерлери тарабынан баңгизатын жасап, тараткан деген шек менен кармалган. Ошол эле күнү ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Лазат Нуркожреванын жигити ырасында эле укук коргоо органдары тарабынан кармалганын ЖМКга тастыктап, "жигиттин башкы максаты - өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды ("крыша") табуу болгон", деп билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16604