"Алтын сертификат" алган бүтүрүүчүлөр сыйланды
RU

"Алтын сертификат" алган бүтүрүүчүлөр сыйланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-июлда жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку упай алган бүтүрүүчүлөргө "Алтын сертификаттарды" тапшыруу салтанаты өттү. Иш-чарада президент Садыр Жапаров жыл сайын балдардын билим алуусуна көбүрөөк көңүл бурулуп жатканына кубанганын билдирди.

"Жыл өткөн сайын ата-энелер балдарынын билим алуусуна инвестиция салуунун артыкчылыктарын аңдап-түшүнө баштаганы мени абдан кубандырат", - деди өлкө башчы.

Миңдеген бүтүрүүчүлөрдүн ичинен суурулуп чыгып, "Алтын сертификатка" ээ болгондорду куттуктаган президент: "Буга жеке эле силер эмес, силердин ата-энеңер, айрыкча, мектептеги мугалимдериңер сүйүнүп турган кези. Келечекке үмүттүн шооласын жандырган силердей жаштар менен жолугушуу мен үчүн дагы жагымдуу ирмем экенин айта кетейин.

Эң алды баарыңарды келечектин пайдубалын түптөөчү билим уясын ийгиликтүү бүтүрүп чыгышыңар менен чын жүрөктөн куттуктаймын", - деди.

Мамлекет башчы №12, №24, №61, №67, №70 жана башка мектептерде билим сапаты жогору экени ага да маалым дейт. Ал эми бул ЖРТ системасы ишке ашырылып баштагандан тарта биринчиликти колдон чыгарбай, эң жогорку баллды камсыз кылып келаткандардын 90%ы "Сапат" билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү экенин ар жылкы тестирлөөнүн жыйынтыгы тастыктап келет деп белгиледи.

"Азыркы кезде Кыргызстаныбыз өнүгүү жолуна аяк басты. Бул учур өтө маанилүү, өтө жооптуу учур. Дал ушул этапта – талпынып там-туң басып келаткан мамлекетибизди андан ары жетелеп кетүүдө чыныгы кесипкөй кадрлардын ролу абдан чоң болот. Мына ошондуктан биз силерди Кыргызстандын келечеги катары көрөбүз. Силерден Ата мекениңер, жалпы журтуңар көптү үмүттөнөт. Элибиздин үмүт-тилегин актайт деп мен силерге бекем ишенем. Ак жол силерге, урматтуу бүтүрүүчүлөр!", - деди президент өз сөзүндө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16612