ӨКМ Баткендеги селдин себебин тактады
RU

ӨКМ Баткендеги селдин себебин тактады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде сел жүргөн аймакта изилдөө иштери жүргүзүлүп, себеби аныкталды. Бул туурасында ӨКМдан кабарлашты.

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистеринин изилдөөсүнүн жыйынтыгында селдин жүрүшүнө климаттын кескин өзгөрүп, жамгырдын катуу жана көп убакытка жаашы негизги себеп болгондугу аныкталды.

Ошондой эле Ак-Татыр айылынын Аэропорт жана Өрүкзар участкаларында элдин тыгыз жайгашып, сел өткөрүүчү каналдын жээктерине бак-дарактарды тигүү, курулуш иштерин жүргүзүүдөн улам сел суулары ашып, айылда турак жайларды каптаган.

Буга байланыштуу инженердик-техникалык жумуштарды аткаруу, сел өткөрүүчү сайдын жээгин кеңейтүү, тоскоолдук жараткан дарактарды кыюу иштери колго алынууда.

Белгилесек, Баткенде 10-июлда жааган жаандан улам сел жүрүп, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу район аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16619