Жалал-Абадда газ баллон жарылып, 1 кыз каза тапты
RU

Жалал-Абадда газ баллон жарылып, 1 кыз каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда газдалган суусундук сатуучу жайда газ баллон жарылып кетти. Кырсыктан 1 кыз каза болгонун Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан кабарлашты.

Маалым болгондой, бүгүн 13-июлда саат 10:10 чамасында облустук ооруканага билдирүү түштү. Анда Жалал-Абад шаарындагы Түмөнбай Байзаков проспектисинде жайгашкан газдалган суусундук сатуучу жайда (камок) газ баллон жарылып кеткени кабарланды.

"Эки мүнөт аралыгында "Тез жардам" унаасы окуя болгон жерге жетип барды. Бирок, тилекке каршы, 20-25 жаш чамасындагы кыз окуя болгон жерде жан бериптир. Калган жабырлануучулар ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин көзөмөлүндө", - дешти ооруканадан.

Саат 12:00гө карата Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына жарылуудан улам 4 бейтап түшкөнү маалым болду. Анын ичинен 2 бейтаптын баш мээси чайкалган, 2 бейтаптын нервдери жабыркаган. Жабырлануучуларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын билдиришти ооруканадан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык тууралуу аызырынча расмий маалымат бере элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16630