Жапаров, Ташиевдин жакындарынын кармалышы. Президенттин маалымат катчысы комментарий берди
RU

Жапаров, Ташиевдин жакындарынын кармалышы. Президенттин маалымат катчысы комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындары алдамчылыкка шектелип кармалганы тууралуу бүгүн, 17-июлда маалым болду. Бийлик өкүлдөрүнүн жакындарынын кармалышы боюнча өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирүү жасады.

Айтымында, бийлик мыйзамсыз аракетке баргандарды калкалабайт.

"Президент менен УКМКнын башчысынын жакындары кылмышка шектелип кармалганын бир катар маалымат сайттары кабарлашты. Алардын мыйзамсыз аракеттерге баруусу боюнча компетенттүү органдар расмий маалымат беришет.

Өлкөнүн жогорку бийлиги мыйзамсыз аракетке баргандарды калкалабай тургандыгына көңүлүңүздөрдү дагы бир ирет бургум келет.

Садыр Жапаров мыйзамсыз аракетке баргандар ким болбосун иштеп жаткан мыйзамдардын чегинде ээлеген кызматына, социалдык статусуна карабай жооп бериши керек деген айныгыс позицияны карманат", - деп билдирди Алагөзов.

Белгилесек, Садыр Жапаровдун аталаш иниси УКМК тарабынан кармалып, 1 айга камакка алынганы белгилүү болду. Ошондой эле Камчыбек Ташиевдин бажасы да алдамчылыкка шек саналып жатканы кабарланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16686