Президенттин мурда коррупцияга шектелген иниси кайра кармалды
RU

Президенттин мурда коррупцияга шектелген иниси кайра кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаровдун аталаш иниси кайрадан кармалды. Бул жолу ал УКМК тарабынан кармалганын Kaktus.media редакциясына укук коргоо кызматкерлери билдирди.

Алардын маалыматына ылайык, президенттин тууганы облустардын биринин башчысы кызматына дайындоо үчүн 100 миң доллардан ашык сыйлык алып, бирок ал убадасын аткарган эмес. Бул иш боюнча ал УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 21-июндагы чечими менен УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын тергөөчүсүнүн арызы канааттандырылган. Анда У.Ж`га карата 19-августка чейин камакка алуу чарасы колдонулган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренеси боюнча айыпталууда.

Эске салсак, Улан Жапаровго буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бул иш ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан тергелип, ал СИЗОго киргизилген. Кийинчерек ал үй камагына чыккан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16684