Ошто ипотекалык "Асман" турак жай комплекси курулат
RU

Ошто ипотекалык "Асман" турак жай комплекси курулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарынын Курманжан датка жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Мамлекеттик ипотека программасынын алкагында жаңы "Асман резиденс №1 Ош" турак жай комплексинин курулушуна капсула салынды. Маалыматты Ош шаардык мэриясы кабарлады.

Жалпы аянты 1,3 гектарды ээлеген жерге 12 кабаттан турган 8 үй курулат. Батирлердин жалпы саны 528. Курулуш мөөнөтү – 1,5 жыл.

Турак жай комплексинде долбоорго ылайык, спорт жана балдар аянтчалары, жер алдындагы унаа токтоочу, коомдук тамактануучу жайлар жана соода дүкөндөр болот.

Үйлөр курулуп бүткөндөн кийин батирлер турак жай программасынын катышуучуларына "Мамлекеттик ипотекалык компаниянын" порталында электрондук кезекте тургандарга 4-8% менен 15, 20, 25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет.

Эске салсак, учурда өлкө боюнча 12659 батирдин курулушу жүрүп жатат. "Менин үйүм 2021-2026" турак жай програмамсынын алкагында өлкө аймагында дагы 16351 батирдин курулушу башталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16689