Алымкадыр Бейшеналиев: "Спутник V" сатылган эмес, чынында эле жараксыз болуп калды
RU

Алымкадыр Бейшеналиев: "Спутник V" сатылган эмес, чынында эле жараксыз болуп калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19-майда №2 Үй бүлөлүк медицина боюнча бириккен борборунда миңге чукул "Спутник V" вакцинасы жараксыз болуп калганы белгилүү болгон. Ар кандай маалыматтар боюнча кеп 930 же 994 вакцина жөнүндө болуп жатат.

Kaktus.media'нын окурмандары ушунча көп көлөмдөгү вакцинанын холодильник сайылбай калып бузулуп кеткенине ишенген жок. Алар "Спутник V" сатылып кетти деп божомолдошту. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бул жоромолдоолорду төгүндөдү.

Анын айтымында, окуя апрель айынын соңунда болгон. ҮМБ кызматкерлери жумушка келип, вакциналар сакталуучу муздаткыч розеткага сайылбай калганын байкашкан. Ага чейин бардыгы нормалдуу болчу. Алдын ала берилген маалымат боюнча жууп-тазалоочу кызматкер пол жууп жатып шнурду тартып алган. Натыйжасында, миңге чукул вакцина жараксыз болуп калды.

"Биз ал вакцинаны анализге жөнөтсөк, жараксыз деген корутунду чыккан. Учурда комиссия иш алып барып жатат. Биз жарабай калган вакциналарды калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүп жатабыз. ҮМБнин кызматкерлери жоопко тартылат, анткени ал күнү электр энергиясы өчүрүлгөн эмес. Демек алар күнөөлүү. Миңдеген адамдардын өмүрү жөнүндө сөз болуп жатканда ойлонуп иш кылыш керек болчу. ҮМБнин кызматкерлери бир гана сөгүш менен кутулбайт. Тиешелүү адамдар жоопко тартылат", - дейт Бейшеналиев.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1670