Ош шаарындагы борбордук базар көчүрүлөт
RU

Ош шаарындагы борбордук базар көчүрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Ош шаарынын мэриясында жыйын өттү. Анда селдин кесепеттерин тез арада жоюу, жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу үчүн Ош шаарынын борбордук базарын эки айлык мөөнөттө көчүрүү иштерин тездетүү боюнча тапшырмалар берилди.

Ош шаардык мэриясы кабарлагандай, жыйында төмөнкү тапшырмалар берилди:

  • Ак-Буура дарыясы аркылуу өткөн бардык мыйзамсыз көпүрөлөрдү алып салуу;
  • Ак-Буура дарыясынын суу корук аймагында мыйзамсыз курулуштарга уруксат берген бардык жетекчилердин жоопкерчилигин кароо;
  • Селден жабыркаган (өлкө боюнча каза болгон) 25 жарандын үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон бөлүп берүү;
  • Табигый кырсыктан турак-жайы бузулуп, кооптуу деп табылган жарандарга 1 миллион сомдон бөлүп берүү;
  • Үйү капиталдык оңдоону талап кылган тургундарга - ар бирине 500 миң сомдон бөлүп берүү;
  • Ош шаарынын борбордук базарында кырсыктан жапа чеккен соодагерлерге 100 миң сомдон бөлүп берүү.
Мындан сырткары айыл, райондук администрация башчыларына (акимдерге) табигый кырсыктардын натыйжасында турак жайдын бузулушуна байланышкан жоготуулардын ордун толтуруу үчүн шарттарды түзүү максатында жарандарга турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Белгилесек, бүгүн, 19-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарына селден кийинки абал менен таанышуу үчүн барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16713