Улуттук "Манас" театрына директор дайындалды
RU

Улуттук "Манас" театрына директор дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Манасчы Нурбек Талантбеков Кыргыз улуттук "Манас" театрына директор болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койгон.

Аталган театрдан билдиришкендей, бүгүн, 24-июлда маданият министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев буйрук менен тааныштырып, жаңы дайындалган директорго ийгиликтерди каалады.

Буга чейин Нурбек Талантбеков директордун милдетин аткаруучу, директордун орун басары кызматын аркалап келген.

Белгилесек, театрдын негиздөөчүсү Азиз Биймырза уулу өз арызынын негизинде директорлук кызматтан алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16757