Садыр Жапаров Париждеги Олимпиада оюндарынын ачылышына катышат
RU

Садыр Жапаров Париждеги Олимпиада оюндарынын ачылышына катышат

Все самое интересное в Telegram

Өлкө башчы Садыр Жапаров Франциянын президенти Эмманюэль Макрондун чакыруусу менен 25-27-июлда Францияга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Алдыда боло турган сапардын алкагында 25-июлда Садыр Жапаровдун "Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк - жакшы келечек үчүн бирге" аталышындагы Париж саммитине катышуусу пландалган.

"Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчы Кыргыз Республикасынын балдардын ден соолугуна жана билимине, спортчулардын келечегине жана кийинки муундарына берилгендигин ырастайт.

26-июлда Садыр Жапаров XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышат", - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Белгилесек, Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу спорттун беш түрү: күрөш, бокс, дзюдо, жеңил атлетика жана сууда сүзүү боюнча күч сынашат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16760