Кыргызстандык спортчулардын Олимп оюндарындагы графиги
RU

Кыргызстандык спортчулардын Олимп оюндарындагы графиги

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2024-жылы Парижде (Франция) өтө турган XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын спортчуларынан биринчи болуп сууда сүзүүчү Денис Петрашов чыгат.

Белгилесек, Олимпиада оюндары 24-июлда башталып, 11-августта аяктайт.

Олимпиадага Кыргызстандан 16 спортчу спорттун беш түрү: күрөш, бокс, дзюдо, жеңил атлетика жана сууда сүзүү боюнча күч сынашат.

Кыргызстандык спортчулардын мелдештеринин графиги:

27-июль

100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүү

  • Денис Петрашов - 15:00.

28-июль

Дзюдо жана бокс

  • Кубанычбек Айбек уулу (66 кг чейин) - 1/32 финалдын башталышы 14:00;
  • Мунарбек Сейитбек уулу (57 кг чейин) - 1/16 финалдын башталышы 15:00.

31-июль

Дзюдо

  • Эрлан Шеров (90 кг чейин) - саат 14:00дө 1/32 финалдын башталышы.

3-август

50 метрге эркин сүзүү

  • Елизавета Печерских - алдын ала жылуулук саат 15:00дө башталат.

5-август

Күрөш

  • Жоламан Шаршенбеков (60 кг чейин) - 1/8 финалдын башталышы 19:00;
  • Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) - саат 19:00дө 1/8 финалдын башталышы.

6-август

Күрөш

  • Акжол Махмудов (77 кг чейин) - 1/8 финалдын башталышы 15:30;
  • Үзүр Жузупбеков (97 кг чейин) - 1/8 финалдын башталышы 15:30.

7-август

Күрөш

  • Амантур Исмаилов (67 кг чейин) - 1/8 финалдын башталышы 15:30.

8 август

Күрөш

  • Бекзат Алмаз уулу (57 кг чейин) - 1/8 финалдын башталышы 15:30.

9-август

Күрөш

  • Айсулуу Тыныбекова (62 кг чейин) - 1/8 финалдын башталышы 15:30;
  • Айаал Лазарев (125 кг чейин) - 1/8 финалдын башталышы 15:30.

10-август

Күрөш

  • Эрназар Акматалиев (65 кг чейин) - 1/8 финалдын башталышы 15:30;
  • Айпери Медет кызы (76 кг чейин) - 1/8 финалдын башталышы 15:30.

11-август

Жеңил атлетика - аялдардын марафону

  • Сардана Трофимова - чуркоо 12:00 башталат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16737