Кыргызстанда күндүн ысыгы 40 градуска чейин жетет. ӨКМ эскертүү таратты
RU

Кыргызстанда күндүн ысыгы 40 градуска чейин жетет. ӨКМ эскертүү таратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда 25-июлдан 29-июлга чейин аномалдуу ысык аба ырайы болот. Кыргызгидрометтен билдиргендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында абанын температурасы күндүз 35...40°, Талас облусунун өрөөндөрүндө 33...38° ысык болот.

Мындай аба ырайында күндүн ысыгынан сактануу ошондой эле эгиндерди мол сугаруу сунушталат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги абанын температурасынын жогорулашы менен нөшөрлүү жаан-чачын болорун, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү мүмкүндүгүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөрүн эскертет.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16765