Жыл башынан бери 311 сел катталып, 22 адам каза болгон. ӨКМнын маалыматы
RU

Жыл башынан бери 311 сел катталып, 22 адам каза болгон. ӨКМнын маалыматы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2024-жылдын 6 айындагы ишмердүүлүгү боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Анда жыл башынан бери катталган сел, анын кесепттери, келтирилген зыяндар тууралуу маалыматтар берилди.

Быйыл республика боюнча 311 сел катталды (өткөн жылы 62 болгон). Келтирген зыяндар:

  • материалдык зыян (Арстанбаптагы селден тышкары) - 1 млрд сомдон ашык;
  • 4 миң 551 турак жайды, 68 социалдык объектилерди, 400 чакырымдан ашык жолду суу каптаган;
  • сел 869 баш малды алып кеткен, 87 унаа жабыркаган;
  • 76 турак жай авариялык абалга келип, 86 үй оңдоого муктаж;
  • 22 адам каза болгон (15и балдар): Ош облусунда - 15, Ош шаарында - 5, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бирден.

Мындан тышкары Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селдин себептерин атады. Алар:

  • көпүрөлөрдүн жапыздыгы жана тазалоо иштеринин жоктугу;
  • дарыяларды, сел каналдарын, арыктарды тазалоонун жетишсиздиги;
  • жээктерди бекемдөө боюнча иштердин жоктугу;
  • жайыттарда чөптүн кескин азайышынан жана малдын көбөйүшүнөн токойлордун кыскарышынан кыртыштын бузулушу, анын натыйжасында жаан-чачындын жерге сиңбей калышы;
  • долбоору жок көпүрөлөрдү куруу;
  • калктуу аймактарда арыктардын жана каналдардын жоктугу;
  • коркунучтуу аймактарга, дарыялардын жээгине жакын жерде эс алуу комплекстерин куруу, жээктерге бак-дарактарды отургузуу;
  • жергиликтүү бийлик органдары тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүлөрүн аткарбоо.

Ошондой эле селдин кесепеттерин жоюу иштерине тартылган куткаруучулардын 16сы медициналык мекемелерде дарыланууда, 37 куткаруучу амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16768