Capital Bank толугу менен мамлекетке өттү
RU

Capital Bank толугу менен мамлекетке өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Капитал Банк" ачык акционердик коомунун (Capital Bank) баалуу кагаздарын кармоочуларынын тизмесине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Буга чейин коммерциялык банктын бардык акциялары экс-саясатчы Чыныбай Турсунбековдун жакындарында болгон: Чыныбай уулу Эржан – 40%, Турсунбекова Айдай – 30% жана Чыныбай кызы Бегимай – 30%. Азыр алардын биринин да үлүшү жок.

Кошумчалай кетсек, фондулук биржадан "Капитал Банктын" бардык 100% акциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөнүн билдирди.

Өзгөртүүлөр ушул жылдын 22 жана 24-июлунда болгон.

Белгилесек, өткөн аптада Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатынын ээси Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай 1 айга камакка алынганы, ал эми ымыркайы бар Бегимай 24-августка чейин үй камагында экени маалым болгон.

Кийинчереэк бул маалыматты УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев тастыктаган. Ал Турсунбековдун кыздарынын камалышы Бишкектеги жер тилкесин менчиктештирүү, ошондой эле "Акылинвестбанкты" (азыркы Капитал Банк) сатып алууга байланыштуу экенин билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16773