Чыныбай Турсунбековдун кызы СИЗОдо экени маалымдалды
RU

Чыныбай Турсунбековдун кызы СИЗОдо экени маалымдалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатынын ээси Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай УКМКнын СИЗОсунда экенин укук коргоо органдары Kaktus.media сайтына билдирди. Ал 2024-жылдын 24-августуна чейин камакка алынган. Ошондой эле Чыныбай Турсунбековдун экинчи кызы да кармалган, анын ымыркайы бар экени, үй камагында экени маалым болду.

Алардын айтымында, Айдай Турсунбекованы УКМКнын кызматкерлери кармашкан.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Kaktus.media сайтына 26-июнда тергөө судьясы Т.А.Ч`га карата (Турсунбекова Айдай Чыныбековна) 1 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандаганын ырастады. Ошондой эле Бегимай Чыныбай кызы 2024-жылдын 24-августуна чейин үй камагына алынган.

Бейрасмий маалыматка караганда, Турсунбековдун кыздары үй-бүлөлүк бизнесин, анын ичинде "Акун" пансионатын, ун комбинатын жана Capital Bank`ты кайра каттоодон өткөрө алышат.

Эске салсак, 2008-жылы "Акун" пансионатына өткөн 17,65 гектар жерди 2022-жылы УКМК мамлекеттик баланска кайтарган. Комитет 2008-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан "Акун" пансионатынын жеке менчигине 17,65 гектар жер тилкесин берүү боюнча чечим мыйзамсыз чыккан деп билдирген.

Анда Айдай Турсунбекова жер тилкесинин бардык документтери мыйзамдуу түрдө алынганын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16711