Облустук сот Тилек Матраимовго салынган айыпты кыскартты
RU

Облустук сот Тилек Матраимовго салынган айыпты кыскартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облустук соту Тилек Матраимовго салынган айып пулду азайтты. Маалыматта Kaktus сайтына облустук соттон тастыкташты.

Маалым болгондой, 11-июнда Ош облусунун Кара-Суу райондук соту Матраимовду "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, байкабастыктан оор залал келтирүү" беренеси боюнча өкүм чыгарып, аны күнөөлүү деп тапкан. Ошондой эле үч жылга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу менен 1 миллион сом өлчөмүндө айып пул салган.

Бирок соттун өкүмү 6-августта даттанылып, Ош облустук соту райондук соттун өкүмүн өзгөртүп, Тилек Матраимовду күнөөлүү деп табуу менен бирге 300 миң сом айып салган.

*****

23-мартта УКМК Кыргызстандын жетекчилигине кол салууну пландаган трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсү Бишкекте кармалганын кабарлаган. Алардын баары Азербайжандан келгени маалымдалган.

Кийинчерээк коопсуздук комитети издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов Азербайжандын борбору Бакуда экенин жана аны кармап, андан ары Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралып жатканын билдирген. Ошондой эле трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен Матраимовдун байланышы бар экенин билдирген.

26-мартта Райымбек Матраимов жана анын үч бир тууганы – Тилек, Исламбек жана Руслан менен бирге Азербайжандан өкмөттүк учак менен өлкөгө алынып келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17004