Исламбек, Тилек жана Руслан Матраимовдорду Ошко алып кетишти
RU

Исламбек, Тилек жана Руслан Матраимовдорду Ошко алып кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Исламбек, Тилек жана Руслан Матраимовдорду УКМК кызматкерлери Ошко алып кетишти. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына укук коргоо кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, бир тууган Матраимовдор Азербайжандан Бишкекке алынып келгенден кийин баары суракка алынып, андан соң Руслан, Тилек жана Исламбек Матраимовдор тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Ошко жөнөтүлдү.

23-мартта УКМК Кыргызстандын жетекчилигине кол салууну пландаган трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсү Бишкекте кармалганын кабарлаган. Алардын баары Азербайжандан келгени маалымдалган.

Кийинчерээк коопсуздук комитети издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов Азербайжандын борбору Бакуда экенин жана аны кармап, андан ары Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралып жатканын билдирген. Ошондой эле трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен Матраимовдун байланышы бар экенин билдирген.

Райымбек Матраимовго УКМК тарабынан 2024-жылдын январь айынын аягында издөө жарыяланган жана анын миллиарддаган сомдук кыймылсыз мүлкү мамлекетке өткөн.

Райымбек Матраимовдун иши (9 статей)
Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү узартылды
22 Апрель 2024, 18:51
Райымбек Матраимов 1 айга СИЗОго киргизилди. Видео
27 Март 2024, 17:14
УКМК Матраимовдордун кармалышы боюнча маалымат берди. Видео
27 Март 2024, 09:27
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15815