Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча күйөөсү кармалды
RU

Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча күйөөсү кармалды

Все самое интересное в Telegram

26 жаштагы Айтурган Маматкулованын резонанс жараткан өлүмүнө байланыштуу анын күйөөсү кармалды. Бул тууралуу адвокат Жанатбек Гүлжигитов билдирди.

Жактоочунун маалыматына караганда, келиндин күйөөсү "өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирген" деп шектелип, 2 суткага камакка алынды.

Ал эми Октябрь РИИБден келиндин күйөөсү кармалганын ырастап, буларды билдирди.

"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө чогултулган жана аныкталган фактылык маалыматтардын негизинде милиция кызматкерлери тарабынан 1998-жылы туулган Н.Т. тергөө кызматына жеткирилген. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, шектүү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда", - дешти милициядан.

Белгилесек, Айтурган Маматкулова 7-июлда ооруканалардын биринде каза болгон. Дарыгердин алгачкы корутундусуна ылайык, келин дары-дармекке ууланганын Октябрь РИИБден билдиришкен. Жолдошу келин өзүн-өзү өлтүргөн деген версияны айткан. Бирок келиндин жакындары Айтурган киши колдуу болгон деп эсептешет.

12-июлда Бишкек шаардык Октябрь РИИБи тарабынан Кылмыш-Жаза кодексинин 128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17133