Айтурган Маматкулованын табышмактуу өлүмү боюнча кылмыш иши прокуратуранын көзөмөлүндө
RU

Айтурган Маматкулованын табышмактуу өлүмү боюнча кылмыш иши прокуратуранын көзөмөлүндө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коомчулукта резонанс жараткан 26 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча кылмыш иши Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө. Бул туурасында көзөмөл органдан маалымдашты.

Белгилесек, келиндин өлүмү боюнча 12-июлда Бишкек шаардык Октябрь РИИБи тарабынан Кылмыш-Жаза кодексинин 128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

"Өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы менен окуяга тийиштүү укуктук баа берилет", - дешет прокуратурадан.

Белгилесек, Айтурган Маматкулова 7-июлда ооруканалардын биринде каза болгон. Дарыгердин алгачкы корутундусуна ылайык, келин дары-дармекке ууланганын Октябрь РИИБден билдиришкен. Жолдошу келин өзүн-өзү өлтүргөн деген версияны айткан. Бирок келиндин жакындары Айтурган киши колдуу болгон деп эсептешет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16678