Окуу жайдын деканы экзаменде студенттерден акча талап кылганга шектелди
1065
УКМК тарабынан Ош шаарындагы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин финансы-экономика факультетинин деканы кармалды. Комитеттин маалыматында декан мамлекеттик экзамендерди тапшырууда студенттерден системалуу түрдө опузалап акча талап кылгандыгы айтылат.
Жүргүзүлгөн тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө аталган факультеттин деканы Ш.Ш.О. коррупциялык схемага тиешеси бар экендиги аныкталып, 48 саатка УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
slide 2 of 3
УКМК өлкөнүн жогорку окуу жайларында коррупциялык көрүнүштөрдүн орун алышына жол берилбестигин эскертет жана жарандарды коррупциялык фактылар тураалуу кабар берүүгө чакырат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17298