Окуу жайдын деканы экзаменде студенттерден акча чогултканга шектелүүдө
1653
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин (Ош шаары) гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканын кармады. Комитеттин маалыматына караганда, декан мамлекеттик экзаменде студенттерден акча талап кылганга шектелүүдө.
Белгилүү болгондой, буга чейин "Опузалап пара талап кылуу" менен Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканынын орун басары Д. уулу Д. кармалып, УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алынган.
slide 3 of 2
УКМК билим берүү системасындагы коррупция, паракорчулук фактылары тууралуу кабар берүүгө чакырат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/16827