УКМК депутаттын кеңешчиси эмнеге кармалганын маалымдады. Видео
1994
Жогорку Кеңештин "Альянс" фракциясынын депутаты Гүлкан Молдобекованын кеңешчиси кармалды. УКМКнын маалыматы боюнча, ал алдамчылык жана расмий документтерди жасалмалоо фактысы боюнча кармалды.
Мамкомитет тараткан билдирүүдө Гүлкан Молдобекованын Р.А.Р. аттуу кеңешчиси 2021-жылы Жогорку Кеңешке жумушка орношуу үчүн кайрылганда жасалма документтерди жана өзү жөнүндө жалган маалыматтарды берип, мыйзамсыз ишке орношуп, эмгек акы жана бонустук төлөмдөрдү алып жүргөндүгү аныкталган деп айтылат.
slide 3 of 2
Мунун негизинде кылмыш иши козголуп, учурда Р.А.Р. тарабынан жасалган бардык мыйзамсыз иштерди аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Белгилесек, 12-сентябрда Гүлкан Молдобекованын иш бөлмөсүндө спецназдын кызматкерлери тинтүү жүргүзгөн.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17326