Президент эл менен да, ЖМКлар менен да иштешкенге даяр экенин айтты
RU

Президент эл менен да, ЖМКлар менен да иштешкенге даяр экенин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Ленин райондук соту 26-сентябрда массалык башаламандык чакырууга айыпталган 11 журналисттин ишин карап, анда прокурор ар бирин 6 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасын сураган. Бул бир катар эл аралык уюмдардын, эксперттердин сын-пикирин жаратты. Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине нааразычылыктарга жооп берип, Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин айтат.

"Өлкөдө сөз эркиндиги болуп келген жана мындан ары да боло берет. Социалдык түйүндөргө жалган маалымат таратпа, бирөө жарымды далили жок каралаба, абийирине шек келтирбе. Өлкө боюнча каалаган жерде суроо-талабың болобу, сын-пикириң болобу, бийликтин кемчиликтери болобу далил менен сайрай бер. Кемчиликтерибизди оңдойбуз, суроо-талаптарыңарды колдон келишинче чечебиз.

Эл менен да, ММКлар менен да эриш-аркак иштешкенге даярбыз жана ачыкпыз.

Ал эми 11 журналист боюнча, алардын экөөсү гана журналист экен го. Калганы 11-класс билими барлар дешти. Аларга тигилер анча-мынча акча төлөп коюп социалдык түйүндөргө олтуругузуп алышып жалган маалыматтарды, элди дүрбөлөңгө чакырган жасалма материалдарды тараттырып жатышканын кантип танышат. Дагы бир жолу кайталайм. Жалган жана элди дүрбөлөңгө чакырган маалыматтар сөз эркиндигине жатпайт", - дейт президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17503