Кар көчкүдө калган жарандарды издөө иштери эртең улантылат
RU

Кар көчкүдө калган жарандарды издөө иштери эртең улантылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ак-Сай тоосунда кар көчкүдөн улам дайынсыз болгон жарандарды издөө иштери аба ырайына байланыштуу убактылуу токтотулду. Бул туурасында ӨКМдан кабарлашты.

Министрликтен буга чейин кар көчкү түшкөн аймактан 4 адамдын сөөгү табылып, жансыз денелер тик учак менен Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилгенин маалымдаган.

Кийинчерээк мекемеден 4 эмес, 3 адамдын сөөгү табылганын, калган 3 адамды издөө иштери эртең уланарын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17729