Чаткалдын тоосунда изделип жаткандардын төртөөсүнүн сөөгү табылды
1135
Чаткал районундагы Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон 6 жарандын ичинен төртөөнүн сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, биринчи жансыз дене кар көчкү түшкөн аймактан табылды.
Калган жарандарды издөө иштери уланууда.
Белгилесек, 9-октябрда Каныш-Кыя айылынын 13 тургун менен кытайлык 1 жаран эндик өсүмдүгүнүн тамырын издөөгө тоого кеткенден кийин дайынсыз болушкан. 16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында 8 жаран аман-эсен табылган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17727