Кар көчкүдө калган жарандарды издөө иштери башталды
RU

Кар көчкүдө калган жарандарды издөө иштери башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чаткал районунда дайынсыз болгон жарандарды издөө иштери башталды. ӨКМдан билдиришкендей, бүгүн, 19-октябрда саат 08:34тө издөө иштерин улантууга Airbus H145 тик учагы менен куткаруучулар жана кар көчкү станциясынын кызматкерлери Кумбел тилкесине учуп кетти.

Саат 09:44тө тик учак менен штабдан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 16 куткаруучусу көчкү түшкөн аймакка издөө иштерине жардам көрсөтүү үчүн жеткирилди. Издөө иштерин улантуу үчүн бардык чаралар көрүлүп жатат дешти мекемеден.

Белгилесек, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ак-Сай тоосунда кар көчкүдө калган 6 жарандын ичинен үчөөнүн сөөгү 18-октябрда табылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17734