Чаткалда кар көчкүдө калган 3 адамдын жансыз денеси табылды
RU

Чаткалда кар көчкүдө калган 3 адамдын жансыз денеси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19-октябрда саат 10:30да Чаткалдын Ак-Сай тилкесинде изделип жаткан 3 адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы алыскы Ак-Сайында кар көчкүдөн улам дайынсыз болгон 6 жаранды издөө иштери башталган.

Алардын ичинен 3 адамдын сөөгү кечээ,18-октябрда табылып, тик учак аркылуу Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилген. Адамдардын сөөктөрү ИИМ кызматкерлерине жана туугандарына өткөрүлүүдө.

Белгилесек, 9-октябрда Каныш-Кыя айылынын 13 тургун менен кытайлык 1 жаран эндик өсүмдүгүнүн тамырын издөөгө тоого кеткенден кийин дайынсыз болушкан. 16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында 8 жаран аман-эсен табылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17736