Чаткалда кар көчкүдө калган 6 адам изделүүдө
RU

Чаткалда кар көчкүдө калган 6 адам изделүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда алты адам изделүүдө. ӨКМдан алар кар көчкү алдында калганы болжолдонуп жатканын маалымдады.

9-октябрда 14 адам эндиктин тамырын казып алуу үчүн тоого чыгып кетип, ошол боюнча байланышка чыкпай калышканы белгилүү болгон. ӨКМнын райондук бөлүмү тарабынан аларды издөө иштери башталып, сегиз киши аман-эсен табылган.

"Алар 14-октябрда кар көчкү жүрүп алты адамды басып калганын билдиришти", - дешет министрликтен.

Учурда ыкчам топ түзүлүп, калган жарандарды издөө иштерине оор техника тартылды.

Белгилесек, өлкөдө бир катар өсүмдүктүн тамырын, анын ичинде эндиктин тамырын чогултууга, таратууга мораторий киргизилген.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17710