Эне менен бала каза болгон жол кырсыктын чоо-жайы
RU

Эне менен бала каза болгон жол кырсыктын чоо-жайы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте эне менен бала каза болгон жол кырсыгына шектүү кармалды. Бул туурасында шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан маалымдашты.

Буга чейин Милициянын кайгуул кызматы 17-октябрда саат 23:00 чамасында А.Масалиев жана А.Бакаева көчөлөрүнүн кесилишинде жеңил унаалар сүзүшүп, аял менен бала каза болгонун, дагы 3 адам жаракат алганын билдирген.

Жол кырсыгы боюнча Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш кодексинин 312-беренеси (Жол кыймылынын жана автотранспортту эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Такталгандай, 1989-жылы туулган И. уулу Д. Hyundai Sonata унаасы менен такси кызматында иштейт. 17-октябрда саат 22:56 чамасында буйрутма алып, 1990-жылы туулган А.А. жана 2015-жылы жашы жете элек баласы Э.Эни көрсөтүлгөн дарекке алып бараткан. А.Масалиев көчөсүнөн жол чырак жашыл күйгөндө А.Бакаев көчөсүнө бурулган. Бул учурда 2004-жылы туулган А.И. унаасы менен чыга калып, сүзүшкөн.

Кырсыктан Hyundai Sonata унаасында бара жаткан жүргүнчүлөр 1990-жылы туулган А.А. №4 шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө, ал эми 2015-жылы туулган Э.Э. Бишкек шаарынын №3 балдар ооруканасында каза болушкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам жана тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында 20 жаштагы А.И. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Соттук-медициналык жана соттук-автотехникалык экспертиза дайындалып, тергөөгө чейинки териштирүү иши башталды. Жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17737