Санэпидемдин кызматкери соодагерлерден пара талап кылганга шектелди
RU

Санэпидемдин кызматкери соодагерлерден пара талап кылганга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын облусунун Кочкор районунда дүкөн ээлеринен пара талап кылганга шектелген мамлекеттик кызматкерге кылмыш иши козголду. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан укук коргоо, салык жана ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдүн мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү багытында текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүдө Кочкор райондор аралык мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык бөлүмүнүн башчысы А.А. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Кочкор районундагы "7 К.", "Т.", "Ш." соода дүкөндөрүн текшерип, дүкөн ээлеринен мыйзамсыз пара алып жүргөнү аныкталган.

Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү Кочкор РИИБне тапшырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17752