Бишкектеги 30дан ашык мектеп убактылуу онлайн окутууга өттү
RU

Бишкектеги 30дан ашык мектеп убактылуу онлайн окутууга өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги бир нече мектеп Жалпы республикалык тестирлөөгө байланыштуу онлайн окутууга өттү.

Борбор калаанын Билим берүү департаментинин маалыматы боюнча: №1, 4, 6, 9, 10, 11, 13, 20, 24, 29, 38, 39, 40, 47, 50, 55, 62, 63, 64, 65, 66, 68, 69, 70, 72, 73, 75, 84, 88, 93, 96, 100, 101, 102 жана 103 мектептеринде сабактар убактылуу аралыктан өткөрүлөт.

Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) 17-майдан 23-майга чейин болот. Тест борбор калаадагы 37 орто мектепте жүргүзүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17846